Биз социалдык тармакта

Улуттук борбор: "Таласта убактылуу кармоочу жайда кармалгандар полдо жатышат"

Талас облусунун Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайда кармалгандар жерде жатышат. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунан билдиришти.

Талас облусу боюнча аймактык башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы убактылуу кармоо изоляторундагы кармоонун шарттары бир жыл ичинде кандайча өзгөргөндүгүн текшерүүгө алышкан. Улуттук борбордун өкүлдөрү убактылуу кармоочу жайларды текшерүүдөн өткөрүшкөндөн кийин көптөгөн бузуулар бар экенин аныкташкан.

"Мисалы, №1 камерада 5 киши отурат. Санитардык нормаларга ылайык, алардын ар бирине 3,25 чарчы метрден кем эмес аянт тийиши керек. Бирок иш жүзүндө 1 кишинин ээлеген орду болгону 2,3 чарчы метрди түзөт. Кармалгандар төшөнчүлөрдүн кирдигин, керебеттин жана шейшептердин жетишсиздигин айтып даттанышкан. Айрымдар жерге жатып уктоого аргасыз болушкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан