Биз социалдык тармакта

Бишкектеги Архитекторлор көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн жабылат

Бишкектеги Архитекторлор көчөсүнүн бир бөлүгү реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, реконструкция иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 12-ноябрдан 16-ноябрга чейин Архитекторлор менен Профессор Зима көчөлөрүнүн кесилишиндеги (Ак-Босого конушунда) унаа жолу жабылат.
"Киргизская жана Чүй 14 көчөлөрү автоунаалар үчүн альтернативдүү көчөлөр болуп саналат. Жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан