Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү болжол менен саат 07:30 чамасында белгисиз айдоочу унаасы менен Ахунбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2002-жылы туулган Ы.Г. аттуу кыз жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада Мазда Демио үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан 1980-жылы туулган Ш.Ж. аттуу аял кармалган. Тергөө иштери Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүп берилген.