Ырчы, дастанчы, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин көркөм адабият жана билим берүү факультетинин деканынын орун басары Азиз Батыров жакындарын, кесиптештерин, санаалаштарын жакшылыгына чакырып, бата алды. Тагыраагы, ырчы туулган күнүн белгилеп, уулунун тушоосун кести.
Салтанат Бишкектеги тойканалардын биринде орун алып, той ээлери залга Кундуз Таштаналиеванын ыры менен чыгышты. Кече оюн-зоок менен коштолуп, соңунда Азиз Батыровдун "Алга Кыргызстан" ырына тартылган клибинин бет ачары болду.