Биз социалдык тармакта

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Өзгөн РЭСи: "Шагым айылына трансформаторду акысыз эле коюп беребиз"

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Өзгөн районунун тургуну кайрылып, аталган аймактагы электр станциясынын ишине нааразычылыгын билдирди. Анда эл каражат чогултуп, трансформаторду оңдоп-түзөөгө беришкенин айткан.

Жогорудагы маселе боюнча Өзгөн райондук электр станциясына байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"Шагым айылынан трансформатор келген. Оңдоп-түзөө иштерин жүргүздүк. Бүгүн айылга трансформаторду алып барып коюп, электр жарыгын күйгүзүп беребиз. Жеринде кызматкерлер иштеп жатат", - дешти РЭСтен.

Мындан тышкары РЭСтен оңдоп-түзөө иштери үчүн элден акы алынбай турганын кошумчалап өтүштү.

"Биздин РЭСтин кызматкерлери трансформаторду акысыз эле алып барып коюп беришет", - дешти тийиштүү мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-11-12 12:32:31
Түзүк Өзгөн рэси кичине болсо да бети бар экен. Элдик кабарга чыккандан соң, жооп беришиптир көбүнчө эле тийиштүү мекемелер жооп беришпейт го
0
Kyrgyz-aiym
2021-11-12 16:33:17
Биздин Кара-Суу районунун рэсине дагы ыйман ынсап берип калса экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан