Стамбулда Түрк тилдүү мамлекеттердин экономика министрлери кызматташууну талкуулашты

Түркиянын Стамбул шаарында Түркия менен Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык конференциясы болуп өттү. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, анда Кыргыз өлкөсүнүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев келечекте Борбор Азия республикалары бири-бирин толуктап турган экономика катары иштей берерин белгилеген.

"Биздин приоритетибиз түрк өлкөлөрүндө ийгиликти жана тынчтыкты камсыз кылуу болуп саналат жана буга биргелешкен күч-аракеттер менен гана жетишүүгө болот. Борбордук Азия абдан динамикалуу өнүгүп жаткан аймак. Биз Европага, Кытайга жана Индияга жакынбыз, бизде маанилүү жер астындагы ресурстар бар жана биз инвестиция үчүн потенциалдуу кызматташтыкты колдонушубуз керек", - деген Амангелдиев.

Ал эми Өзбекстандын вице-премьер-министри, инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Өзбекстандын Түрк тилдүү мамлекеттер менен кызматташтыгы өнүгүп жаткандыгын билдирген.

"Өзбекстандын Түрк кеңешине мүчө өлкөлөр менен мамилелери өнүгүүнү улантууда. Өлкөбүздө Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн капиталы менен 3 миңге жакын жаңы компания түзүлүп, алардын саны 5 эсеге өстү. Бул жакшы көрсөткүчтөр, бирок алар кызматташуунун чыныгы потенциалын чагылдырбайт", - деген Умурзаков.

Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров конференция соода алакаларын бекемдөө, дүйнөлүк экономикалык тенденцияларды аныктоо, соода, транспорт, инвестиция, жашыл энергетика жана климаттын өзгөрүшүн өнүктүрүү үчүн пайдалуу болорун белгилеген.

"Биздин элдерибиздин тарыхый байланышы, географиялык жактан жакындыгыбыз, дүйнөлүк логистикалык борборлордун жайгашуусу биздин максаттарга жетүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Азербайжан түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүдө жана жаңы экономикалык демилгелерди ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат", - деген Жаббаров.

Казакстандын Улуттук экономика министри Асет Иргалиев Түрк кеңеши мамлекеттердин жакындашуусуна жана кызматташтыгында маанилүү роль ойнорун белгилеген. "Биздин максат - бул кеңештин структурасын бекемдеп, аны толук кандуу эл аралык уюмга айландыруу. Ошентип көп тараптуу кызматташтык өнүккөн сайын түрк мамлекеттеринин глобалдык кызыкчылыктары биринчи планга чыгат", - деген министр.

Түрк кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү жана тарифтерди төмөндөтүү зарылдыгын белгилеген.

"Акыркы жылдары Түрк кеңешине мүчө өлкөлөр экономикасын жана өндүрүштүк кубаттуулуктарын бир топ жакшыртты. Бирок эрежелерди жана мыйзамдык шарттарды жакшыртып, соода тоскоолдуктарын жөнөкөйлөштүрүү жана жоюу керек", - деген уюмдун башкы катчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан