Жалал-Абадда киши уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы кабарланган. Анын баш коргоо чарасын 6-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту карап чыгып, бир айга камакка алган. Бүгүн, 12-ноябрда шектүүнүн баш коргоо чарасын кайра Жалал-Абад облустук соту карайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилей кетсек, 20-сентябрда Сузак районунун 60 жаштагы тургуну милиция бөлүмүнө телефон чалган. Анда 1983-жылы туулган С.Д. аттуу уулун белгисиз адамдар жашыл түстөгү Мерседес үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып кетишкендигин маалымдаган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 170-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турган, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун 26 жаштагы тургуну кармалганы кабарланган.