Жасалма паспорт жасоо аракеттери аныкталды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров SUPER.KG порталына билдирди.
Жактоочунун айтымында ага У.К. аттуу аял кайрылган. Кайрылуусу төмөнкүчө. "Мен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген уулду тарбиялап жаткан жалгыз бой энемин. 2013-жылы өзүмө паспорт алгам, 2014-жылы калкты тейлөө борборунун кызматкерлери менин аты-жөнүмдү башка бирөөгө жазып, жасалма паспорт жазап беришиптир. Ал жердеги сүрөт жана кол тамгадан башкасынын баары мага таандык. Муну 2020-жылдын 21-августунда жашаган жериме каттоого туруу үчүн барганда билдим. Ал жерден кызматкерлер милицияга чалам деп коркутушту. Бирок бул менин кызыкчылыгым үчүн мен өзүм арыз менен милицияга кайрылгам. Иш Биринчи Май РИИБинде каралууда. Тергөөчү 4 айдан бери ар шылтоону айтып аракет көрбөй жатат. Мен калкты тейлөө борборунун кызматкерлерине оозеки түрдө ошол жасалма паспортту жокко чыгарууну көп жолу сурангам, бирок алар да аракет көргөн жок. Ушул убакка чейин бул кызматкер табылып, жазага тартыла элек", - деп кайрылган.
SUPER.KG порталы Мамлекеттик каттоо кызматына байланышканыбызда төмөнкүдөй маалымат берди.
"Жабырлануучунун иши боюнча ички иликтөө жүргүзүп, ишти Биринчи Май РИИБине жөнөттүк. Ишти аталган мекеме териштирет", - деди басма сөз кызматы.
Ал эми Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы жабырлануучу аялдан арыз келип түшкөнүн билдирди.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды, тергөө уланууда", - деди басма сөз кызматынан.