Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тапшырмасы менен ачылган социалдык көмүр базалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнүүдө. Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жарандарга жеткиликтүү баада көмүр сатуучу базаларды жеринде көрүп, Ош облусунун тургундарын үзгүлтүксүз жана арзан көмүр менен камсыз кылууну көзөмөлдөп жатат.
Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен өкүлдүн орун басарлары да жер-жерлерде ачылган социалдык көмүр базаларды текшерип жатышат.
Белгилей кетсек, Ош облусунун аймагында калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында 30 социалдык көмүр базалар
ачылган. Аталган базаларда көмүрдүн баасы 3 сом 50 тыйындан 5 сом 50 тыйынга чейин сатылууда.