Биз социалдык тармакта

"Элдин турмушу оор болуп жатат". Максат айылынын тургундары Садыр Жапаровго кайрылышты

Баткен облусундагы чек аралаш жайгашкан Максат айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

"Урматтуу Садыр Нуркожоевич (ред.: Садыр Жапаров), биз Максат айылынын тургундары сизге кайрылабыз. Делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери чечилбегендиктен жыл сайын суу, жайыт, жер талаш маселесинде күтүүсүз окуя орун алып, бир топ кыйынчылыктар болду. Ошого карабастан бүгүнкү күндө биз бул аймакта жашап жатабыз", - дешти тургундар.

Ошондой эле алар президентке бир катар өтүнүчтөрүн айтышты.

"Биринчиден, чек ара жаңжалында тонолгон, жоголгон мал-мүлккө кыска убакыттын ичинде компенсация маселесин чечип берүүнү суранабыз. Экинчиден, биздин бир балабызды Тажикстанга алып кирип кетишкен. Ошону тез аранын ичинде бошотуп, айылыбызга алып келип берүүнү өтүнөбүз", - деп кайрылышты Максат айылынын тургуну.

Дагы бир тургун жумушсуздук күч алганын айтты.

"Жумушсуздук күч алды. Эч кандай киреше жок. Элдин жашоо турмушун көзөмөлгө алыңыз. Барган сайын элдин турмушу оор болуп жатат. Мисалы, айылдагы бир тракторду тажиктер алып кетишкен. Анын жарым акчасы карыз болчу", - деди тургун.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, куралдуу кагылышка алып келген. Чек ара чырында Кыргыз өлкөсүнөн 36 адам каза таап, 200гө жакыны жаракат алган.

Максат айылынын эли президентке кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
-FREEDOM-
2021-11-12 17:11:18
Оо Аллахым
+2
nazira...
2021-11-12 22:15:43
Дагы эле токтой элекпи, деги эмне кылыш керек тажиктерди өзү. Мынча биздин өкмөт слабый бечара бала эмне болуп атат ал жакта. Ушу чимкириктердин балдарынын бирөөсү ушундай болгондо кантет эле, баягы эле бей бечаралар болуп жатат да, өлгөнү да салганы да ошолор болуп.
+3
Mirnar
2021-11-13 08:16:24
Биринчи кагылышууда эле тажиктерди талкалап экинчи баш которгус кылыш керек эле! Сволочи!
+5
joke81kg
2021-11-14 10:03:29
Максат Арка айылдары кантрабанда менен оокат кылат эле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан