Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бир тууган ага-ини чатырда түтүнгө ууланып каза болушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 29-октябрь күнү болгон. Анда 1973, 1975-жылы туулган бир туугандар Чоң-Таш жайлоосуна барышкан.
"Бир туугандар чатырдын ичине от жагып уктап калып, түтүнгө ууланып каза болушкан. Маркумдардын жакындары эч кимге доо арызы жок экенин айтышып, соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышкан", - деп жазылат маалыматта.