Бишкекте баңгизатын саткан интернет дүкөнүн иштеткендер колго түштү

Октябрь РИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңгизаттарды сатып келген интернет дүкөндөрдүн бирин аныктады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда Октябрь РИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган К.А. жана Д.С. аттуу жарандар кармалды. Шектүүлөр Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Октябрь райондук соту шектүүлөрдү чет жакка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасын колдонгон.

"Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка шектүүлөрдүн катышуусунда жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн жашаган жеринен компьютерлерди, ноутбуктарды, Wi-Fi-роутерлерин, уюлдук телефондорду, орусиялык көптөгөн сим-карталарды табышкан", - деп жазылат маалыматта.

Баңгизаттарды сатуу боюнча интернет дүкөн ачууга шектелгендер колго түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2021-11-12 17:20:13
Ушундайлар туп тамыры менен жоголсо кана. Кыргызстан таптаза олко болсо эээ...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан