Биз социалдык тармакта

Бишкектин бир районунун айрым көчөлөрүндө 3 күн газ берилбейт

Бишкектин Биринчи Май районунун айрым көчөлөрүндө 15-ноябрдан 18-ноябрга чейин газ убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Махатма Ганди көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жапаров көчөсү, ЧЧК чектелген. 382 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат.

"Көлмө" конушундагы Жаштык көчөсүн бойлой жайгашкан жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт.

"Ал эми 2021-жылдын 16-ноябрынан 18-ноябрына чейин Ленская көчөсү №50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүн кесип салууга байланыштуу, Ю.Фучик, Ленская көчөлөрү жана Сергей Лазо чолок көчөсү менен чектелген аймактагы 20 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат", - дешти мэриядан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан