Талибандар Ооганстандагы кинотеатрлардын ишине тыюу салды

"Талибан" кыймылы Ооганстандагы кинотеатрлардын ишине тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Басылмаларда жазылгандай, Кабулдагы "Ариана" кинотеатрында тасма көрсөтүүгө тыюу салды. Буга карабай кинотеатрдын кызматкерлери кайрадан ачылып калар деген үзүлбөгөн үмүт менен жумушка чыгууну улантууда.

Кинотеатрда индиялык, америкалык жана европалык тасмалар көрсөтүлөт. Талибдер бул шариятка карама-каршы келет деген тыянакка келишкен.

Ошондой эле басылмаларда бир канча шаарларда кинотеатрлар жабылганы кошумчаланат.
Буга чейин Ооганстанды басып алган "Талибан" кыймылы өлкөдө жүгүртүүдөгү чет элдик валютаны колдонууга тыюу салган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ayzhan12
2021-11-12 19:12:03
Ашынган исламчыл диний фанаттар Афган элине тозоктон башка жакшылык алып келбейт. Буга окшогон акмактардын жомогуна ишенбеш керек. Динди шылтоо кылып элди карангылыка жетелеп жатышат. Буларга окшогон ашынган фанаттарга багынып берсенер анда жашоонор тозоко айланат. Мындайлар элдин койгойун чечууго билими да жетпейт. Динден башка эч нерсени энсебеген билимсиздер булар.
+4
Isken90
2021-11-12 19:27:09
Талибдер мынчалык тупой болбогула. Биздин аалымдар деле теледен чыгып жататко Талибдерде вообще тушунук жок экономиканар кыйроого учурайт элге кыйын болот
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан