Биз социалдык тармакта

Түркияга учуп кеткен Юрий Бобковго бүгүн операция жасалат

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобков ден соолугуна байланыштуу Түркия мамлекетине учуп кеткен. Ал Стамбул шаарындагы клиникалардын биринде медициналык текшерүүдөн өтүп, жасала турган операциясынын убактысы белгиленди. Бул туурасында музыканттын жубайы Асель Осмонова менен кабарлашканыбызда маалым болду.

"Бизди Акылбек Изабеков деген мекендешибиз клиникага алып келип, операциянын баасын арзаныраак кылып сүйлөшүп берди. Дарыгерлер Юрийдин эки тизесин карап, рентгенге тартышты. Биринчи операция ишемби күнгө белгиленди. Ал эми экинчи операция январь айында жасалат", - деди ал.

Буга чейин Легендарлуу "Досум Үсөн" ансамблинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Юрий Бобковго операция жасатуу талап кылынып жатканын, операциянын баасы 8000 долларды түзөрү маалымдалган. Музыкант тизе муун оорусу менен 2015-жылдан бери жабыркап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazira...
2021-11-13 09:03:23
Айыгып кетсин, бул кишинин оорду чоң. Кудай шыпаасын берсин.
+11
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-13 12:25:12
Ийгиликтүү болсун жакшы айгып кетсин
+8
Sajakat14
2021-11-13 21:09:38
Аман эсен айыгып кетиңиз Юрий байке! Кыргызстанда кыргыз тилине, маданиятына, улуттар аралык ынтымагына кошкон салымыңыз чоң!Кудай колдосун Асель эже экөөңөрдү!
+2
surgeon777
2021-11-14 10:40:28
Айыгып кетиниз!Сиздин эмгегиниз чон,Жараткан шыпаасын берип мындан ары да Кыргыз маданиятына салымынызды кошуп кызмат кыла бериниз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан