Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы 13-ноябрда билдиргендей, 36
жаштагы А.Аирулло аттуу Тажикстандын жараны арыз менен милицияга кайрылган. Анда шаардын Бөкөнбаев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштардагы эки адам күч колдонуу
менен 2000 евро жана 700 долларын тартып алганын айткан.
Биринчи Май
райондук ИИБинин иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган факты боюнча
эки адам кармалды. Алар Арча-Бешик
конушунун 43 жаштагы жашоочусу С.Данияр жана Ала-Тоо конушунун жашоочусу 44
жаштагы Ч.Асанбек. Иликтөөлөр жүрүп жатат.