Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында 43 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген аял 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаардык соту 5-ноябрь күнү аялды күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты.
Билдирүүгө ылайык, 11-август күнү саат 13:15 чамасында Таш-Көмүр ШИИБинин "102" кызматына Шамалды-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн. Чакыруу боюнча тергөө ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө каза болгон аялдын жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн табылып, ал 1978-жылы туулган Н.Г. аттуу жаран экендиги такталган. Ал киши колдуу болуп каза болгону аныкталган. Аталган окуя боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү жабырлануучуга таандык болгон алтын буюмун алып келген жана кылмыш учурунда колдонгон бычакты ыргытып жиберген жерин көрсөтүп берген. Шектүүнүн баш коргоо чарасын Таш-Көмүр шаардык соту карап 2 айга камакка алган.