Бүгүн, 12-ноябрь Бишкек шаарында хоккей боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын 1-туру старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Чемпионатка жалпы 5 команда катышып жатат: "Алга" (Бишкек шаары), "Нарын Шумкарлары" (Нарын шаары), "Дордой" (Бишкек), "КТЖ" (Бишкек) жана "Нураалы Аке" (Жумгал) командасы.
Мелдештин программасы:
12-ноябрь
1. Алга (Бишкек)-Нарын шумкарлыры (Нарын);
2. Дордой (Бишкек)- КТЖ (Бишкек);
3. Нураалы Аке (Жумгал) – Нарын шумкарлары (Нарын).
13-ноябрь
1. Дордой (Бишкек)-Алга (Бишкек);
2. Нураалы Аке (Жумгал)- КТЖ (Бишкек);
3. Дордой (Бишкек)-Нарын шумкарлары (Бишкек).
14-ноябрь
1. Нураалы Аке (Жумгал)-Алга (Бишкек);
2. КТЖ (Бишкек)-Нарын шумкарлары (Нарын);
3. Нураалы Аке (Жумгал)-Дордой (Бишкек);
4. Алга (Бишкек)-КТЖ (Бишкек).
Белгилей кетсек, чемпионат спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жана Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясы тарабынан өткөрүлүүдө. Мелдештин кийинки турлары февраль, апрель айларында болот.