Быйыл 9 айда 5 миң 437 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жол коопсуздугун сактоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларга карабастан жол кырсыктары өстү. Жалпысынан тогуз айда 5 миң 437 жол кырсыгы катталып, андан 587 адам каза болуп, 8 миң 298 жаран ар кандай дене жаракаттарын алышкан. Бирок ошого карабастан жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү жарандардын өмүрүн сактап калууга багытталган иш-чараларды тынымсыз күчөтүү керек экендиги баса белгиленди. 2021-жылдын 9 айында республика боюнча жалпы укук коргоо органдары тарабынан 121.659 кылмыш жана жорук катталган. Алардын ичинде 117.087 кылмыш жана жорук ички иштер органдарында катталган. Бул өлкө боюнча катталган кылмыштардын жалпы санынан 96,2 пайызды түзөт. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында 66 миң 274 кылмыш жана 50 миң 813 жорук катталган жана катталган кылмыш менен жоруктардын бетин ачуу 63,6 пайызды түздү", - деп жазылат маалыматта.