УКМК: "Ысык-Ата районунун аймагында майнинг ферма аныкталды"

Ысык-Ата районунун аймагында майнинг ферма аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында электр тармактарына чоң зыян келтирген, Ысык-Ата районунун Дружба айылында мыйзамсыз иш жүргүзүп жаткан майнинг-ферма аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизиндеги ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар тарабынан күнөскана көрүнүшүндөгү 2500 даана тиешелүү жабдууларды орнотуу менен “майнинг-ферма” уюштурганы аныкталды. Азыркы учурда УКМК тарабынан аталган майнинг-ферманы уюштурууга тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, анын мыйзамдуулугун жана энергетика тармагына келтирилген зыянды эсептөө жана сервердик жабдыктарды өлкөгө алып келүүнүн мыйзамдуулугун аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bishkek11
2021-11-12 22:15:14
Бул эмне туугандар. Жалпак соз менен мумкун болсо айтып койгулачы
+4
KaGaH
2021-11-12 22:52:11
Bishkek11,киберпреступниктер счеттердон Акча уурдагандар
-3
Tursunbaev1978
2021-11-12 23:42:19
KaGaH,кечирип кой,төмөндө туура жазыптыр криптовалюта өндүрөт
-1
KaGaH
2021-11-13 00:13:08
Tursunbaev1978,эч нерсе эмес))
-2
Jelezo
2021-11-12 23:01:50
Bishkek11, электрондук акчаны сактай турган кампа.
-2
Jelezo
2021-11-12 23:00:44
Майнинг компанияларды мыйзамдаштырып буларды мамлекетке салык төлөтсө абдан көп киреше алып келет.Керек болсо чет элден чакыруу керек.
0
basyz-kaman
2021-11-12 23:29:39
Майнинг ферма дегени криптовалюта (Биткоин) өндүрүүчү жай. Көптөгөн компьютерлер жана аларды муздатып турган вентиляторлор орнотулат. Бул нерселер эбегейсиз көп электр энергиясын талап кылат
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан