Биз социалдык тармакта

Стамбулда өтүп жаткан саммитте "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" документин кабыл алуу чечимине кол коюлду

Бүгүн, 12-ноябрда Стамбулда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин катышуучу-өлкө башчыларынын сегизинчи саммитинин алкагында президенттер “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы - 2040" документин кабыл алуу чечимине кол коюшту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Түрк дүйнөсүнүн көз карашы 2040 - бул стратегиялык документ. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы жыйырма жылдыкта артыкчылыктуу багыттарда, атап айтканда, коопсуздук, транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, экология, айыл чарба маданият, билим жана илим, жаштар жана спорт, диаспоралар менен иштөө жана башка тармактардагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча "жол картасы" болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан