Чүйдөн курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды (фото)

Чүй облусунун Москва районунун аймагынан QSZ-92 үлгүсүндөгү 2 даана магазини бар тапанча, бир нече 9×19, 9×18, 5,45×39 и 7,62×39 миллиметр жана 7,62×39 миллиметр калибирлүү гильзалар, ошондой эле тротил таякчасы, эки детонатор жана колго жасалган жарылуучу зат сакталган жер табылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак, ок-дарылар, жардыргыч заттар кылмышкерлер тарабынан өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн даярдалганы аныкталды.
Азыркы учурда алынган буюмдардын кайдан келгендигин жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп билдирди УКМК.

УКМК ок атуучу куралдарды, ошондой эле ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Ошондой эле ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен тапшырган адамдар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
joke81kg
2021-11-13 13:22:30
Мен ойлоппум бир склад курал жарак таап алгангоо деп
+6
baisogur
2021-11-13 14:20:40
Пистолет чирийин деп калыптыр
+1
Isken90
2021-11-13 15:23:57
Тааладан кантип таабып алды УКМКа озун коргозус учун уйуштуруп жаткандайго мага элестеткиле таалага барып издеп жатканын
0
Fernando_Torres
2021-11-13 16:07:07
Isken90,сенин меен жетпейт братишка сага жөн эле укмка деп койгон эмесда булар 10 жыл окушат иши ошол ушинтип эле табып ала да оңой эле ал биро айтып бергенда ушул жерде оружияларым бар деп анан барып табышат сени деле айылына барып момундай адам каяакта жашайт десем любой адам айтып берет
+1
Isken90
2021-11-13 17:24:40
Fernando_Torres, Балким сенин мээн жететир бирок 100жыл окуусада биздин Укмка эмнеге Орхан инанды урдап кетип жатканда билбей калат Мен Орхан Инанды тарабын талашпайм бирок киши урдап жатпайбы чек арадан кантип отуу Укмка эмнеге билбейт. Камчыбек Кыдыршаевич айткан созу бар биз бийлике келсек 7 апрель ош окуясындагы куноолулорду жазалайбыз деп кана бийлик адамды озгортот
0
Isken90
2021-11-13 15:25:53
Эгер мал багып жургон адамдар таабып алса айтса керек эле таабып алып милицияга кабарлады деп бир логика жататко
+2
nurik73
2021-11-13 21:10:53
астафыр Алла. адам баласы эмне болуп баратат. тынч жашаса болобу озу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан