10-ноябрда болжол менен саат 20:17 чамасында 102 кызматына Рыскулов жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар урушуп, бычактап жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
"Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда, ошол эле даректен белгисиз адамдар мушташып, 1988-жылы туулган С.Т. аттуу жаран денесинен бычактан жаракат алгандыгы аныкталган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган К.Н аттуу жаранды Биринчи Май райондук тергөө кызматына жеткиришкен", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексининин 266-берененин (ээн баштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.