Биз социалдык тармакта

Акыйкатчы институту Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен Тажикстандын акыйкатчысына кайрылды

Акыйкатчы институту Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозодго Кыргыз жарандары Саидахмед Артиков менен Нооман Самадовго карата адам укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий кат жолдоду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Саидахмед Артиковдун жубайынын айтымында, күйөөсү жана күйөө баласы (ред. Нооман Самадов) үйлөрүнө келе элек жана алардан кабар жок. Бирок алар Худжанд шаарындагы СИЗОдо экени жана кыйноого алынып жаткандыгы тууралуу маалымат бар. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын аталган жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча чараларды көрүүнү жана тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүңүздөрдү суранабыз", - деп жазылат Акыйкатчы институтунун маалыматында.

Лейлек районунун Жаштык айылынын тургундарын сентябрь айында Тажикстандын аскер кызматкерлери кармап кеткен.

Кыргыз жарандарына ар тараптуу юридикалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен дагы бир расмий кат Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
suban78
2021-11-14 10:28:38
Чек араны чычкан ото алгыс кылып жаап салса болбойбу. Ошо менен тажиктер менен баш оору таптакыр жоголот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан