Үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрынан бери изделип жаткан 2 адам (бир тууган эже-ини) Ош шаарынан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматка таянсак, Сузак районунун тургуну 7-ноябрь күнү райондук милиция кызматкерлерине 1999-жылы туулган кызы, 2002-жылы туулган баласы жоголуп кеткенин айткан.
Ыкчам издөө иштеринде бир туугандар Ош шаарынын “Алай” мейманканасынан аман-эсен табылды. Алар үйдөн чыгып жатканда өздөрүнө тиешелүү документтерди жана үйдө болгон 500 доллар акчаны да ала кетишкен. Бир туугандар апасына таарынып, 2007-жылы каза болгон атасынын бир туугандарына кетүүнү чечишкен. Акчанын көпчүлүк бөлүгүн коротконго үлгүрүшкөн. Учурда балдар туугандарына өткөрүлүп берилип, бул факты боюнча жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.