Америкалык актриса жана ишкер Пэрис Хилтон биринчи жолу турмушка чыкты. Бул тууралуу актриса социалдык тармактагы баракчасына жазып, үлпөт көйнөгү менен бир нече сүрөттөрүн жүктөдү.
"Баарыбыз күткөн күн келди" деп жазды Пэрис Хилтон.
Актриса америкалык бизнесмен Картер Реумга турмушка чыккан. Түгөйлөр 2019-жылдан бери мамиледе болуп келишкен. Алардын тою бир күн мурун Лос-Анжелес шаарында өткөн. Картер Реум сүйүктүүсүнүн колун 13-февралда сураган.