Биз социалдык тармакта

Белгисиз адамдар Бишкектеги Бишкек баатырдын эстелигине коюлган QR-код тактайчасын талкалап кетишти (фото)

Белгисиз адамдар Бишкектеги Бишкек баатырдын эстелигине коюлган QR-код тактайчасын талкалап кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Эсте" коомдук фондунун директору Майсалбек Курбаналиев билдирди.

"Эсте" коомдук фонду тарабынан Бишкек шаарында 30га жакын эстеликтин жанына QR-код бар тактайчалар орнотулган. Азыркы тапта дагы 30 эстеликке ушундай тактайчаларды орнотууну көздөп жатабыз.

Бирок кээ бир тактайчалар бейбаш адамдар тарабынан талкаланып жаткандыгы бизди убайымга салууда. Себеби ар бир тактайчаны даярдоо, аны орнотуу аз эмес акчаны талап кылат. 2 күн мурда Бишкек баатырга орнотулган тактайча талкаланып калганын көрдүк. Албетте, бул көрүнүш зээнибизди кейитти. Бүгүн эртең менен талкаланган тактайчаны кайра жаңысына алмаштырдык", - деди ал.

Шаардагы эстеликтерге QR-код тактайчалары сентябрь айында коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sajakat14
2021-11-13 17:19:17
Колдору сынсын! Кыргыз тарыхына каршы чыккандар!
+10
ErkinOkenovich
2021-11-13 18:24:48
Булар Бишкекти жаман коргондор окшойт
+3
Birimdik5555
2021-11-13 19:24:05
Тарбия корбогон жапайылар
+1
ChagyIgan7
2021-11-13 21:01:40
Жапайылар
+2
KaGaH
2021-11-13 22:54:32
Тоодон түшкөн мырктар кылат да ким эле башка
+3
bond02
2021-11-13 23:43:05
Кайсы баатырдын тарапташтары талкалап кетти экен.
+1
ulanbek2000
2021-11-14 08:47:32
Кыкендер тажатты.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан