Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында "Кумтөр Голд Компани" ишканасына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кенде жайгашкан бир катар объектилерди кыдырып чыгып, андан соң Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушту", - деп кыска гана билдирди министрлер кабинети.
Мындан башка Акылбек Жапаровдун эл менен жолугушууда эмне тууралуу сүйлөгөнү айтылган жок.