Казакстанда 15 жаштагы окуучу кыз төрөгөндөн кийин жакындары үйүнөн кууп чыкты (фото)

Коңшу Казакстандын Шымкент шаарында 15 жаштагы окуучу кыз төрөгөндөн кийин жакындары үйүнөн кууп чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кыз төрөп, үйүнө келгенден кийин атасы бул үй-бүлө үчүн уят экенин айтып, апасынын үйүнө жөнөткөн. Бирок кыздын апасы дагы небересин баккысы келген эмес. Жыйынтыгында кыз менен ымыркай көчөдө калып, аларга камкор адамдар жардам берип келишкен.

Учурда ымыркай кризистик борбордо. Ал эми төрөт үйүнүн кызматкерлери бул тууралуу полицияга кабарлашкан эмес. Жада калса ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк да беришкен эмес.

Кыз интернатта таанышкан жигиттен боюна бүтүп калган. Жигит ымыркай төрөлгөндөн кийин качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
alimbek94
2021-11-14 11:21:01
Качып кеткен атасын таап камаш керек. Дароо эле бир тараптуу кызды күнөөлү кылып чыгара салбай. Элдин кыздарга болгон жапайчылык мамилесин өзгөрпөсө кыздар ар кайсы жерде курмандык болуп кала беришет. Эл арасында агартуу иштерин жүргүзүү керек
+3
Sajakat14
2021-11-14 23:16:23
alimbek94,туура!
+1
Mister-XXX
2021-11-15 18:36:52
alimbek94,Вот,ушундай пикир жазып жүрчү.Баарын эле динге такай бербей...
Ушул коментарийиң үчүн,менден сага бир плюс.
0
Bekturbek
2021-11-14 12:46:34
Мына кыз-жигит болуп сүйлөшкөн, эмнеге арам экенин билип алгыла!!! Мындайлар азыр, өтө эле көбөйдү!
+11
nazira...
2021-11-14 16:26:56
Интернатка бергендери аз келгенсип үйлөрүнө киргизбей койгондору эмнеси. Байкуш кыздын ушундай күнгө туш келгенине ошо туүган урук, ата энеси күнөөлү, өз үйүндө эле окутпвйт беле. Ар бирибизде кыз бар, кудай ыйман, ынсап берсин балдарыбызга, бакты таалай берсин, бул жалган дүйнөнүн жамандыктарынан сактасын. Небере, чөбөрөлөрүбүздү эркелетип отурган ар бирибизге насип этсин.
+9
Birimdik5555
2021-11-14 22:07:00
Байкуш кыз, таш боор ата энелер
+3
Danysh1
2021-11-15 08:30:53
Мындай жерде чачын койо бергендер жокко
+1
Mister-XXX
2021-11-15 18:39:01
Danysh1,Жогору жакта башка ник менен жүрөт.Бирок бул жолу жакшы пикир калтырыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан