Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында кароосуз калган шахта урап 58 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"Шахтанын ичинде 1963-жылы туулган К.В аттуу эркек киши калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине саат 19:50дө ӨКМнын тоо-кен куткаруу кызматынын №7 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 13 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.