Кечээ, 13-ноябрда Ош шаарында жалпы ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, ишембиликке Ош шаарынын мэриясынын мекеме-ишканалардын, билим берүү мекемелеринин, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Алар ишканалардын айланасын, эс алуу жайларын, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун тазалоо, бак-дарактардан түшкөн күзгү жалбырактарды чогултуу жумуштарын жүргүзүштү.
Ишембиликте шаар боюнча жалпы 1 миң 800 куб таштанды чыгарылды.