Бишкек шаарындагы Сүйөркулов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка белгисиз адамдын чыгып жүргөндөгү видеосу тарады. Видеону "Кактус медиа" басылмасы социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Видеодо белгисиз адам имаратка чыгып алып, ары-бери басып жүргөнүн көрүүгө болот. Кийинчерээк аталган жерге кайгуул кызматынын кызматкерлери келишип, андан имараттан чыгып кетүүсүн суранган. Жыйынтыгында аталган жаран имараттан түшүп кеткен.
Бул боюнча кайгуул кызматына байланышканбызда маалымат такталып жатканын билдиришти.
Курулушу токтоп калган көп кабаттуу дал ушул имараттан 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болгон.