Биз социалдык тармакта

Сузактагы үч жаш баланын өлүмү: Кырсык катталган жердеги алгачкы сүрөттөр жарыяланды

Бүгүн, 14-ноябрга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үйдөн үч кичинекей баланын жансыз денеси табылгандыгы кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен SUPER.KG порталына кырсык Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылында болгондугун билдиришти.

"Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңгир айылында 3 өспүрүм иске ууланганы маалым болду. Кырсык 13-ноябрдан 14-ноябрга караган түнү болгон. Жаш балдардын апасы оор абалда экени айтылууда

Көз жумган балдардын чоңу 6 жашта, ал эми кичүүлөрү 4 жаштагы эгиз балдар болгон", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Egizderim-baktim
2021-11-14 15:06:27
Периштелер ээрчишип келип ээрчишип кетише бериптир да... Жаратканым бейишине алсын, энесине шыпаасын берсин. Туугандарына сабыр берсин. Атасы байкуш мигрант болуп иштеп журсо керек да.
+14
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан