Биз социалдык тармакта

Унаа тыгынын болтурбоо үчүн Оштун бир нече көчөлөрүнө өзгөртүүлөр киргизилет. Кайсы көчөлөргө? (Тизме)

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун протоколдук буйругуна ылайык, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кыймылын иретке келтирүү максатында Ош шаарына ИИМдин Республикалык адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялык башкармалыгынын тиешелүү адистери чакырылган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

"Жол кызматынын адистери менен биргеликте Ош шаарынын унаа кыймылы эң көп болгон кесилиштерин карап чыгышты, анын ичинде: Масалиев – Навои, Масалиев – Монуева, Курманжан Датка – Навои, Ленин – Навои жана Курманжан Датка – Г.Айтиев. Бул жерлерде жол тыгындарынын пайда болушуна жол бербөө максатында светофорлордун циклдары өзгөртүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Масалиев-Раззаков-Бабараимов көчөлөрүнүн кесилишинде иш-чаралардын планы түзүлдү. Ага ылайык, аталган кесилиште бир нече жолу болгон жол кырсыгына байланыштуу жана жарандардын көптөгөн кайрылууларынын негизинде, транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө.

"Жогоруда айтылгандарга байланыштуу транспорт каражаттарынын айдоочуларынан өз маршруттарын алдын ала пландоону суранабыз. Ошондой эле аталган көчөлөрдүн кесилишине «Ош шаардык жолдору» ЖК тарабынан тиешелүү белгилер орнотулуп, жол сызыктары тартылган", - деп кошумчалашты мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-11-15 04:01:55
Бишкектеги жол тыгындарын ким ойлойт десең. Мобул Некрасов Кулиев көчөсү дайыма пробка себеби ортодо темир жол өткөөлү бар. Фучик көчөсүн аягына чыгарса Лев Толстой көчөсүнө чыга турган болсо мынчалык пробка болбойт эле андан сырткары эл көп өткөн жерлерге Чүй Шопокова, Советская Москва көчөсүнө жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырака кошумча убакыт берилиш керек. Пешеходду өткөргөнчө эле кызыл күйүп калат да айла жоктон камерага түшөсүң,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан