
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айыл аймагында жайгашкан турмуш-тиричилик буюмдары сатылуучу дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
ӨКМнын маалыматына ылайык, өрт тууралуу маалымат саат 19:14тө түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын үч өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 21:00дө чектөөгө алынган.