Аламүдүн РИИБинин тергөөчүлөрү 70 миң сом акчаны опузалап алуу фактысына шектелип кармалды

Аламүдүн РИИБинин тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Жазык кодексинин 326-беренеси менен "опузалап пара алуу" Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Аламүдүн РИИБинин тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды.

"Тергөөчүлөр Н.Д. аттуу жарандын алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан. 10-ноябрда тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен Б.К. аттуу жарандын банк картасы аркылуу Н.Д. өкүлү А.И. жарандарынан 70 миң сом алышып, 12-ноябрында тергөөчү Г.М. жаран Н.Д.га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды. Кармалган Аламүдүн РИИБинин тергөөчүлөрүнүн бири, Г.М. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Аламүдүн РИИБинин тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан