Биз социалдык тармакта

"Түндүк электр" карызы бар абоненттердин жарыгын өчүрөт

Эртең, 16-ноябрдан баштап "Түндүк электр" ААКсы 4 600дөн ашуун абоненттин электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы дебитордук карыз 12 миллион 100 миң сомду түзөт.

Эске салсак, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү терминал аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу режимде кабыл алат.

Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Akjol18
2021-11-15 20:57:44
Суммасын да айткыла да,1000сомдон жогору карызы барлар же 3айдан нары төлөбөгөндөр деп.
Мурунку жылы 130сом карызы бар бечараныкын өчүрүп,чакага от жагышып иске ууланып жаш балдар өлүшкөн.Ошондой окуялар кайталанбасында.
0
Akjol18
2021-11-15 21:00:57
100000(жүз миң)деген карызы барлар отоплениесин 3фазага улап жаркырап олтурушат,100сом карызы бар бечараныкы өчүрүлөт .Алладан коркуп иш кылгыла туугандар.
0
aslan_akjol89
2021-11-16 13:24:17
Бул Кыргызстан,өлөйүн деп жатсан өлтүрүп коюшат.Жакшы да,кыйналып жүрбөй өлүп калганын.)))
0
aslan_akjol89
2021-11-16 13:25:06
Ал карызы бар адамдын материалдык абалын карабай,анализ кылбай туруп очурот да бул "акылдуулар".
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан