Бийиктиги 24 метр. Нью-Йоркко негизги жаңы жылдык балаты коюлууда

Нью-Йоркко негизги жаңы жылдык балаты коюлууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, балатынын салмагы 12 тонна, бийиктиги 24 метр. Аны Мэриленд штатынан алып келишкен. Балаты Манхэттендин борборундагы Рокфеллер аянтына орнотулган.

Жакында балаты 50 миңден ашык түстүү лампалар жана гирляндалар менен кооздолот. Анын чокусуна 3 миллион Swarovski кристаллдары менен капталган 408 килограмм салмактагы чоң жылдыз орнотулат. Салт боюнча Нью-Йорктун Рождество майрамынын символун жандыруу аземи 1-декабрда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан