Бишкек ЖЭБинде көмүр аз калганы боюнча маалыматтар айтылып жаткан. SUPER.KG порталы Бишкек ЖЭБинин директору Нургазы Курманбековго байланышканда ЖЭБде учурда 176 миң тонна көмүр бар экенин айтты.
"Көмүр график боюнча келип жатат. ЖЭБде 176 миң тонна көмүр бар. Негизи келе жаткан жылдын апрель айына чейин 1 миллион 650 миллион тонна көмүр керектелет. Көмүр аздан келип жатат. Компаниялар биринчи калкка ташып коюп, анан ЖЭБге көмүрдү ташууну көбөйтөбүз деп жатышат", - деди ал.
Эске салсак, былтыр ушул учурда ЖЭБде 299,1 миң тонна көмүр бар болчу.