Ырчы Айтурган Эрмекова: "Жолдошум ырчылыкты таштайсың дегенде макулдугумду бергем"

Биздин кезектеги коногубуз "Гулбадан" чыгармасын тойлордо жаңыртып, бийлей албаган адамды дагы бийлете ырдаган ырчы Айтурган Эрмекова болду. Ырчы айым менен үй-бүлөсү, чыгармачылыгы, андан сырткары белгилүү казак актёру Саян менен бир тасмага кантип тартылып калгандыгы тууралуу маектештик.

"Азыркы учурда той-топурлар көбөйүп жатат десем болот. Эң көп тойго жетишкенибизди баары кызыгып сурап калышат. Айта кетсем, бир күндө 12 тойго жетишип калганбыз.

Ырчылыктан сырткары дагы киного тартылдым, болгондо дагы "Рекетир" тасмасына тартылган Саят Эсенбаев (Саян) менен бир столдо отуруп чай ичип калам деп ойлогон эмесмин. Ал эми үй-бүлөлүк жашоом тууралуу айтсам, жолдошума турмушка чыгарда ал мага ырчылыкты таштайсың дегенде мен макулдугумду бергем, себеби мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат", - дейт Айтурган Эрмекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaGaH
2021-11-15 22:01:13
Койчу ай бул Ким
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан