Тоноо жана унаа уурдоо фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Ленин РИИБине Л.О. аттуу жаран сентябрь айынын аягында "Ош базарынын" аймагында жүрүп, физикалык күч колдонуу менен Redmi Note 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө ээлеп алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткени маалым болгон. Аталган факты Ленин РИИБинде каттоого алынып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Мындан тышкары, 6-октябрда М.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 15:00 чамасында "Ош базарынын" аймагынан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп, андан соң белгисиз тарапка качып кетишкени маалымдалган.
"Ленин РИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Л.О. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ленин райондук соту шектүүгө карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандады. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында уурдалган унаа Ленин районунун аймагынан табылып, арыз ээсине кайтарылып берилди. Учурда кармалган адамдын борбор калаанын аймагында жасалган ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.