Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маматалиев бул кызматты 2020-жылдан бери аркалап келген.