Чүйдө дүкөндөн акча жана азык-түлүк уурдаганга шектелип мурда соттолгон жаран кармалды

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн РИИБине Маевка айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 7-ноябрь күнү дүкөндөн акча жана азык-түлүктөрдү уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда. Аталган факты "уурдоо" беренесинин негизинде катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИББинин криминалдык милиция кызматкерлери жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон 26 жаштагы И.У. аттуу жаран аныкталып кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун текшерүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан