Бишкек шаарындагы республикалык диагностика борбору балдар ооруканасына айланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевге байланышканыбызда билдирди.
Анын айтымында, көптөгөн анализдердин жыйынтыгында кабыл алынган.
"Бул маселе боюнча бүгүн эле чечим кабыл алынган жок. Буга чейин бул борбор акчасын актай алган жок. Бүгүнкү күндө 10 миллион сом карызы бар. Кызматкерлер айлык маянасын ала албай жүрүшөт.
Экинчи маселе, борбор калаада балдардын оорусу көп болуп ооруканаларга батпай калды. Балдарга жакшы көңүл буруу үчүн ушул кадамга барып жатабыз.
Бул даяр имарат. Ичине керектүү эмеректерди койсо эле бүтөт. Буюрса, жаңы жылга чейин бүтүп ишке берилип калат", - деп билдирди Жумакеев.
Маалымат үчүн:
Республикалык диагностика борбору – ооруну аныктап, жардам көрсөтүүчү амбулаториялык медициналык мекеме болчу. 1990-жылдан бери иштеп келген.