Биз социалдык тармакта

УКМК тарабынан кармалган Эркин Салымбеков 100 миллион сом акчаны мамлекетке кайтарды

УКМК тарабынан кармалган "Дордой-Дыйкан" базарынын директору Эркин Салымбеков 100 миллион сом акчаны мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК ЕАЭБ өлкөлөрүнө мекендик айыл-чарба азыктарын ташуудагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

"Тергөөнүн жүрүшүндө бул коррупциялык схемага тиешеси бар айрым ишканалардын салык төлөөдөн качкан фактылары да аныкталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү “С.Э.” келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 100 миллион сом салган, келтирилген зыяндын толук көлөмү текшерүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет. Муну эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасына өзгөрттү.

УКМК бул кылмыш иши боюнча мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана ушул ишке тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ишин улантууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-11-15 15:55:55
Молодец,жей бергиле и жегенден кичине мамлекетке кайтарып,кайра уурдай бер азамат!
+1
Isken90
2021-11-15 16:37:43
Озу 500милонн алса керек 100милоон кайтврдыбы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан