Биз социалдык тармакта

Кыргыз окуучулары эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргыз өлкөсүнүн окуучулары Өзбекстандын Фергана шаарында онлайн жана офлайн форматта болуп өткөн Ахмад аль-Фергани атындагы I физика боюнча эл аралык олимпиадада (IAFPhO 2021) 3 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматында айтылгандай, мелдешке 19 өлкө катышты. Кыргыз окуучулары офлайн форматта катышты.

Олимпиадага Кыргыз курама командасындагы 8 окуучуну мугалимдерден Садирбек Муратов, Доктурбек Кудашов жана Сүйүн Умарова коштоп барышкан.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 11-класстын окуучулары: Денис Сапарбек уулу (Кадамжай), Нияз Жусупбеков (Жалал-Абад) жана Бекали Гартман (Чүй) коло медалдарды жеңип алышты.

Олимпиада 8-ноябрдан 13-ноябрга чейин болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан