Биз социалдык тармакта

Сузакта иске ууланып каза болгон эгиздер жана алардын бир тууганынын сөөгү жерге берилди. Атасы Орусиядан келди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 баласы менен кошо иске ууланган келиндин жолдошу акыркы 2 жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Сузак районунун Кызыл-Туу айылынын айыл өкмөт башчысы Майсалбек Өмүрзаков билдирди.

"Келиндин жолдошу 2019-жылы Орусияга иштегени кеткен. Ал бүгүн түштө келди, андан соң балдардын сөөгү жерге берилди. Келин кайната-кайненеси менен бирге турат. Болгону алар эки үйдө жашашат. Келин жаңы салынган үйгө ошол күнү балдары менен уктаган. Ал жаккан мешке дагы от биринчи жолу жагылган.

Бир жыл мурун дагы айылда 2 баласы менен келин иске ууланып каза болгон. Бүгүн райондо чогулуш болуп, айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", - деди Өмүрзаков.

Кечээ,14-ноябрь күнү таңга жуук эне жана анын 3 баласы мештен чыккан иске ууланган. Анда каза болгон балдардын экөө төрт жаштагы эгиздер жана бирөө 6 жашта болгон. Ал эми балдардын апасы өтө оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган.

Ал эми бүгүн, 15-ноябрь күнү эртең менен облустук ооруканадан келин комадан чыгып, абалы турукташа баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Begimkyz
2021-11-15 15:35:10
Кудай ай, апасы келип балдарын издейт эми((( эч ким балам деп боздобосун, душманга да каалабаган иш болуптур(((
+22
Asmat84
2021-11-15 15:40:41
Аллахым сабыр берсин ата энесине
+15
Zarema11
2021-11-15 15:48:31
Шордуу эне, сабыр берсин.
+12
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-15 16:13:28
Кайран ата эне ээн чөлдө калгандай эле болду кудайым сабыр берсин курандан башка айла жок
+18
aliya-leyla
2021-11-15 17:06:42
бечара кабарды укса кантээр экен, өмүр бою көтөргүс азап да.
+13
Omyke
2021-11-15 17:31:01
Олко жакшы болгондо элге электр энергясы жетиштуу Баада болгондо мындай кырсык кайталанмак эмес беле,Сабыр берсин Аллахым ((
+7
mira28
2021-11-15 17:58:54
Omyke,дагы эле мамлекетке асыласынар да.Бул жон гана элдин калпыстыгынан болуп жатат.Свет арзан жерде деле комур жагат кышында,болгону туура жакпаган же меш туура эмес салынган болушу мумкун.Канда окунучтуу,кудайым эгизди да тандап берет.Бирок алып коюптур да...Жалп этип 3 чырак бирдецинен очуптур,ата -энесине сабыр.
-5
ErkinOkenovich
2021-11-16 07:28:38
Omyke,электр энергиясы очсо дагы очпосо дагы, кышкысын мешке от жагасынбы? Электр энергиянын эмне тиешеси бар бул каргашага?же эмне ошол туну электр энергиясы очук болчу деп айтып жатышабы? Ойлонуп анан жазсанар.жазат десе эле президентке же башкага мурдунарды тыга бербей.
0
Samina007
2021-11-15 17:31:34
Ошол меш печканы ким жасаган ошол устаны да жоопко тартыш керек. Дагы ошол айылдан болду деп жатышпайбы ушинтип уулангандар
+12
Stervashka
2021-11-15 18:29:45
Уккандан бери аябай жаман абалдамын бирок....
+5
nazira...
2021-11-15 18:55:39
Качан өнүгөбүз, качан мигрант болуп тентиген токтойт, ушу балдарым деп кетсе керек эле го Россияга атасы. Балким атасы бул жакта болгондо башкача болот беле. Кандай гана өкүнүчтүү, сабыр берсин ата энесине.
+9
Asmat84
2021-11-16 11:36:34
nazira..., туура айтасың ушул балдарды багам деп кетсе керек эле. Айла жок эми периште болуп учуп кетти. Печка жасаган усталарды катуу көзөмөл кылыш керек. Балким ошол уста күнөөлүү
-1
JaneEr
2021-11-15 20:37:57
Сагынып келген атасы балдарын корбой калды...
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан