Биз социалдык тармакта

Боом капчыгайында 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт. Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан