Бишкекте эгиз уулдуу болгон ата-эне балдарына Садыр, Камчыбек деген ысым ыйгарышты

Бишкекте эгиз уулдуу болгон ата-эне балдарына Садыр, Камчыбек деген ысым ыйгарышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына алардын кошунасы Айгерим Болот кызы билдирди.

Анын айтымына караганда, учурда эне менен наристелердин абалы жакшы.

"Эгиз уулдардын салмагы 2 килограмм 700 граммдан. Алар бүгүн, 15-ноябрь күнү саат 08:00 чамасында №4 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келишти. Эгиздер ата-эненин төртүнчү балдары.

Кошунамдын жакын туугандары кеңешип уулдарына Садыр, Камчыбек деген ат коюшту. Алар түндүк менен түштүктү бириктирген, элине тынчтык орноткон, элге күйгөн уулдардан болсун деп ушул атты тандашыптыр.

Кошунам 10 жылдан бери батирде турат, алар Ысык-Көл облусунун Кожояр деген айылынан болушат", - деди кошунасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Datka7777
2021-11-15 16:37:33
Наристелерди арам, балит саясатка байлабай эле койбойбу! Бешик боосу бек, келечеги кен уландардан болсун
+11
bayern-munchen
2021-11-16 00:26:53
Datka7777,ошондо Адахан Жана Кимсанбай деп койгондо суйунот окшойсун ээ койсо коюптур да Эми сага эмне
+1
Datka7777
2021-11-16 01:18:33
bayern-munchen,эшегин нары айдачы кемчонтой
+3
Cholpon.93
2021-11-15 16:45:15
Эми жакшынакай эле Эсен Аман,Асан Усон деп ысым койсонор сонун болмокбу деймда,эмне болсода омуру менен берген болсун Аллахым.
+11
bayern-munchen
2021-11-16 00:27:45
Cholpon.93,Садыр Камчы жаман атбы ээ
-10
Akkyz
2021-11-15 16:50:14
Зачем? Квартира берет деп умут кылышканго дейм.
+13
Kolyaa
2021-11-15 16:58:54
Оюңар мынча жаман.
Балдар өзүнүкү каалаган ысымды коюшат.Эгиз балдарды көралбастыкбы же?
-9
Antiradikal4
2021-11-15 19:54:48
Kolyaa, эгиз балдарды коралбастык кылып бекер тороптур деген эч ким жок. Ата-энеси женил ойлуулук, кошоматтык кылып ысым тандаганына эл нааразы болууда. Буга чейин Алмазбек, Роза, Омурбек деп коюп журушту, Сооронбай деп да коюшту окшойт. Алмазбеги турмодо, ошол убактагы президент, Сооронбайдын бир буту уйду, экинчи буту суракта. Убакыт келип бул бийлик да алмашат. Бугунку Садыр менен Камчы абакка тушпойт же олкодон качпайт деп эч ким кепил боло албайт. Подхалимчилик озу уят.
+10
Kolyaa
2021-11-15 20:15:11
Antiradikal4,Мен кошаматчылык деп түшүнгөн жокмун.Президенттин атын эчким колдонбосун деген мыйзамда жок болуш керек
Ким кандай ойлосо Акылына жараша ойлойт!!!
-9
bayern-munchen
2021-11-16 00:29:28
Antiradikal4,сага эмне жон эле кысып журчу
-9
Sajakat14
2021-11-16 04:25:00
bayern-munchen,кысабы кылбайбы жамбаш өзүнүкү. Сенден сурабайт эмне кылышты! Ар ким өзүнүн оюн жазганга акысы бар. Ал акы сенде гана эмес!
+8
Sajakat14
2021-11-16 04:23:22
Antiradikal4, кыргыз эли ошондой кошоматчы элбиз. Ар бир аткаминердин тушунда төрөлгөн балдарга ошол аткаминерлердин атын коюшуп, үй же акча берээр деп күтүшөт ата энелери.
+8
meilikan
2021-11-15 17:01:50
Былтыркы урук алгандардан окшойт а.
Омурлору узуун болушсун. Бул садыр менен камчыга аты окшосо да заты окшобогон баатырлардан болуп чоноё беришсин
+8
bayern-munchen
2021-11-16 00:32:46
meilikan,анда кимге окшосун шакылдаган колунан бок келбеген катынга окшоп коп суйлогон Адахангабы аты эле кызык Адахан деп улуту тажик же трас го менимче
-9
Nina.alex
2021-11-15 17:44:18
Ушуну жон эое койбоптур
+8
bond02
2021-11-15 17:54:52
Кошоматчылыктын жеткен чегине жеттик окшойт, ошол силер койгон ысымдан ушул наристелер кийин уялып журушпосун. Пендеден эмес жараткандан умут кылсанар.
+12
KG-312
2021-11-15 18:42:02
Түштүк-Түндүктү бириктирсин, дейт, молодцы, негизи максатыңар бөлүнүп-жарылуудан арылануу экен!!!
-7
KaGaH
2021-11-15 20:23:25
Садыр, Камчыбек Көлбаев ))
-10
Birimdik5555
2021-11-16 03:30:12
Наристелерди Аллахым ыйманы, омуру, ден соолугу, бактысы, ата энеси менен берген болсун
+7
Zumrudianka
2021-11-16 04:27:47
Омурлуу болушсун жашоолору берекелуу болсун эки достой мекенчил болуп осушсун
-5
Alixan-Nookat.2015
2021-11-16 07:56:45
Эгиз төрөлгөндөргө уйкаш келген ысымдарды койчу элего Асан, Үсөн же Жаныш Байыш деп. Эгиз төрөгөндөр толтураго Садыр Камчыбек деген ысым койду деп чыгарып талкууга жем таштадыңарго дейм, көбүнчө 3 эм же төрт балалуу болгондо жаңылык деп чыгарылчуу эле.
+7
Gulina00
2021-11-16 09:46:49
Омурлорун берсин подкалимчилик бутпойт экенда
+6
Nuria.5150
2021-11-16 11:08:31
Атың чыкпаса жер өрттө ...
+5
Belo
2021-11-16 16:11:39
Соонун!!! Эки достой мекенчил, элим, жерим деген уулдардан болушсун
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан