
Ливерпулда таксист жанкечти делген адамды унаасына камап, ири теракттын алдын алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Дэвид Парри аттуу айдоочу жүргүнчүсү жардыргыч затты жардырып, каза болгонго чейин унаасын токтотуп, сыртка секирип чыгып эшигин бекитип калганга жетишкен.
Жанкечти Биринчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине арналган эскерүү күнүндө чогулган элге кол салмакчы болгон. Натыйжада жарылуудан жан кечти өзү каза болгон. Ал эми таксист ооруканага жаткырылганы жазылат маалыматта.